# Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-августундагы "Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушундагы 3,82 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө" №9-1 токтому

- Толук аталышы: Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-августундагы "Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушундагы 3,82 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө" №9-1 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 9/1
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033840>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-46117/edition/39970/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-августундагы "Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушундагы 3,82 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө" №9-1 токтому (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033840

---

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги IX сессиясы

2025-жылдын 8-август №9-1

Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушундагы 3,82 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы №10 “Мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126-т “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө” тескемесин аткаруу максатында жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 22-июлундагы №01-13/2544 сунушуна ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушунда жайгашкан жалпы аянты 3,82 гектар болгон жер тилкеси “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна (ААК) турак жай куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин;

2. Жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин пайдалануу учурунда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары так сакталышы шарт.

3. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү ушул токтомдун негизинде тиешелүү документтерди даярдап, жерди пайдаланууга өткөрүп берүү жана каттоо иштерин уюштурсун;

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

У. Мелис уулу
