Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токмок шаардык кеңешинин «Токмок шаары, Ленин көчөсү, № 368 дарегиндеги 7 га жана Токмок шаары, Ленин көчөсү, № 368 А дарегиндеги 4 га жер тилкелеринин зоналык категориясын С-1 зонасынан Ж-2 зонасына которуу жана „Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин“ 25‑беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XV КЕЗЕКCИЗ СЕССИЯСЫ 2025-жылдын 3-ноябры №78/15-6 Токмок шаары, Ленин көчөсү, № 368 дарегиндеги 7га жана Токмок шаары, Ленин көчөсү, № 368А дарегиндеги 4га жер тилкелеринин зоналык категориясын С-1 зонасынан Ж-2 зонасына которуу жана “Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25‑беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 17-октябрындагы кириш №01-07/183 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 28‑октябрындагы отурумунун №6 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2006-жылдын 26-апрелиндеги №146/28-1 токтому менен бекитилген “Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелери жөнүндө” 25‑беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Токмок шаары, Ленин көчөсү, № 368 дарегиндеги 7га жана Токмок шаары, Ленин көчөсү, № 368А дарегиндеги 4га жер тилкелеринин зоналык категориясын С-1 (чоң тилкедеги саламаттыкты сактоо, билим, илим, дене тарбия жана спорт) зонасынан Ж-2 (аралаш турак жай курулуш) зонасына которулсун.
2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин Өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
М.Т.Тынайбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Постановление Токмокского городского кенеша от 26 апреля 2006 года № 146/28-1 "О новой редакции "Правил застройки и землепользования в городе Токмок"Постановление · 26.04.2006 · № 146/28-1
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123