# Тилектеш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы №12/6 "Айыл өкмөттүн Аюу-Тапан айылындагы № 21 “Дил-Булак” мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесинин дубалдарын шыбоо, эшиктерин алмаштыруу, бассейн куруу, кампа салуу, мекеменин чатырчасын куруу жумуштары үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: Тилектеш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы №12/6 "Айыл өкмөттүн Аюу-Тапан айылындагы № 21 “Дил-Булак” мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесинин дубалдарын шыбоо, эшиктерин алмаштыруу, бассейн куруу, кампа салуу, мекеменин чатырчасын куруу жумуштары үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12/6
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033763>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-46053/edition/39887/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тилектеш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы №12/6 "Айыл өкмөттүн Аюу-Тапан айылындагы № 21 “Дил-Булак” мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесинин дубалдарын шыбоо, эшиктерин алмаштыруу, бассейн куруу, кампа салуу, мекеменин чатырчасын куруу жумуштары үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө" токтому. (10.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033763

---

ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII отуруму

2025-жылдын 10-октябры № 12/6 Айыл өкмөттүн Аюу-Тапан айылындагы № 21 “Дил-Булак” мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесинин дубалдарын шыбоо, эшиктерин алмаштыруу, бассейн куруу, кампа салуу, мекеменин чатырчасын куруу жумуштары үчүн сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө

Айыл өкмөттүн Аюу-Тапан айылындагы № 21 “Дил-Булак” мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесинин дубалдарын шыбоо, эшиктерин алмаштыруу, бассейн куруу, кампа салуу, мекеменин чатырчасын куруу жумуштары үчүн боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 247 токтомун негиз кылып, Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XII заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Айыл өкмөттүн Аюу-Тапан айылындагы № 21 “Дил-Булак” мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесинин дубалдарын шыбоо, эшиктерин алмаштыруу, бассейн куруу, кампа салуу, мекеменин чатырчасын куруу жумуштары боюнча сунуш кылган долбоорду карап чыгып, Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы сметалык баасы 4 999 467 (төрт миллион тогуз жүз токсон тогуз миң төрт жүз алтымыш жети) сомдук долбоордо көрсөтүлгөн, өздүк салым үчүн 349 962 (үч жүз кырк тогуз тогуз жүз алтымыш эки) сом акча каражаты Тилектеш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетине сунушталып, бөлүнүп берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөттүн башчысы К.Мусабаевге, ал эми көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана жеке өз көзөмөлүмө калтырамын.

Төрага:

К.Төрөшев
