# Ала-Тоо айылдык кеңешинин 2025-жылдын 16-сентябрындагы №4 "Ала-Тоо айыл аймагынын Кайрагач айылында жайгашкан жаңыдан курулган 275 орундуу №133 негизги мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому.

- Толук аталышы: Ала-Тоо айылдык кеңешинин 2025-жылдын 16-сентябрындагы №4 "Ала-Тоо айыл аймагынын Кайрагач айылында жайгашкан жаңыдан курулган 275 орундуу №133 негизги мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому.
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 16.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033750>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-46042/edition/39876/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ала-Тоо айылдык кеңешинин 2025-жылдын 16-сентябрындагы №4 "Ала-Тоо айыл аймагынын Кайрагач айылында жайгашкан жаңыдан курулган 275 орундуу №133 негизги мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө" токтому. (16.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033750

---

АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги онунчу сессиясы

2025-жылдын 16-сентябры № 4

Ала-Тоо айыл аймагынын Кайрагач айылында жайгашкан жаңыдан курулган 275 орундуу №133-негизги мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө

Айылдык кеңештин депутаттары, айылдык кеңештин катчысы С.Топчубаеванын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 21-январындагы Жарооз айылынан Улуу Ата-Мекендик согуштун баатыры маркум Тойчубеков Бердибайдын ысымын ыйгаруу боюнча №37 сандуу сунуш катын тааныштырып 1918-жылы туулуп, 1939-жылы Кызыл армиянын катарына чакырылып 1941-1945-жылдары Улуу Ата-Мекендик согушка катышып баатырларча эбегейсиз эрдик көрсөтүп, -09.12.1943-ж Орден Славы III-степени; -20.07.1944-ж Медаль “За отвагу”; -22.07.1944-ж Орден Красной Звезды; -16.02.1945-ж Орден Отечественной войны II степени; 1945-ж Орден Отечественной войны II степени; -11.06.1945-ж Орден Славы II-степени; 1945-ж Орден Славы II-степени; Ордендери жана медалдар менен сыйлангандыгын айтып өттү.Айылдык кеңештин депутаттары кеңири карап чыгып,айылдык кенештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы №244-токтомундагы Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө чечим кабыл алууда колдонулуучу тандоо критерийлеринин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы №159 токтомунун редакциясына ылайык, тандоо критерийлеринин 2-пунктунун 6-бөлүгүнө ылайык Ала-Тоо айыл аймагынын Кайрагач айылындагы 275 орундуу №133-негизги мектебине Улуу Ата-Мекендик согуштун баатыры Тойчубеков Бердибайдын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

2.Бул токтомдун түп нускасы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнө жөнөтүлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий маселелер, уюштуруу иштери маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция туризм боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

Ала-Тоо айылдык кеңешинин төрагасы:

Ф.Ф.Юсупов
