# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-октябрындагы № 694 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-октябрындагы № 694 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 694
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033698>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45999/edition/39830/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033698.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-октябрындагы № 694 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (23.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033698

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 23-октябры № 694 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Жаза аткаруу инфраструктурасын оптималдаштыруу жана натыйжалуу башкаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 124 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө жободо:

– төмөнкүдөй мазмундагы 41 -пункт менен толукталсын:

“41. ЖАМК Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча уставдык капиталында мамлекетке таандык акциялар (үлүштөр) бар чарбалык коомдордо уюштуруучунун, акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.”;

– 11-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“– уставдык капиталында мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбакер коомдордо уюштуруучунун, катышуучунун (акционердин) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат;”;

– 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 51, 52 -пунктчалар менен толукталсын:

“51) мамлекеттин атынан юридикалык жактардын уюштуруучусу катары чыгууга, уставдык капиталында мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбакер коомдордо акционердин (катышуучунун) укуктарын жүзөгө ашырууга;

52) түшкөн пайдасы соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртууга, түзөтүү мекемелеринин жана тергөө изоляторлорунун материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө, соттолгондордун социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө, ошондой эле жетишпеген бюджеттик каржылоону жабууга жумшалуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ишкердикти жүзөгө ашырууга;”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-октябрындагы № 81 (3737) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
