# Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 7-марты № 01-7/02 "Сары-Өзөн айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 7-марты № 01-7/02 "Сары-Өзөн айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-7/03
- Кабыл алынган күнү: 07.03.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033680>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45981/edition/39805/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033680.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 7-марты № 01-7/02 "Сары-Өзөн айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө" токтому (07.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033680

---

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 7-марты № 01-7/02

Сары-Өзөн айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын негизинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын жана алардын Жоболоруна таянып Сары-Өзөн айылдык кеңешинин регламентинин долбоорун талкуулап, карап чыгып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 2-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын ишинин регламенти тиркемеге ылайык кабыл алынып, бекитилсин.

2. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине тийиштүү материалдарды дайындоо жооптуу катчы С.Аныровага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сары-Өзөн айылдык кенешинин депутаттык туруктуу комиссияларына жана жооптуу катчысына жүктөлсүн.

Төрага

Т.Э.Бектемиров
