# Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-майы № 01-7/16 "Мамлекеттик менчиктеги объектилерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-майы № 01-7/16 "Мамлекеттик менчиктеги объектилерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-7/16
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033630>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45939/edition/39752/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033630.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-майы № 01-7/16 "Мамлекеттик менчиктеги объектилерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө" токтому (29.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033630

---

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 29-майы № 01-7/16

Мамлекеттик менчиктеги объектилерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Беловодскидеги райондор аралык жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы” филиалын мамлекеттик менчиктен иштеген жери боюнча өз алдынча башкаруу жана тескөө үчүн, баардык материалдык-техникалык базасы менен биргеликте Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине баланска өткөрүп алууга макулдук берилсин.

2. Сары-Өзөн айылдык кеңешинин ар бир туруктуу депутаттык комиссиясынан бирден депутат түзүлгөн комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т. Талантбек уулуна жүктөлсүн.

Төрага

Т.Э.Бектемиров
