Сары-Өзөн айылдык кеңешинин «Мамлекеттик менчиктеги объектилерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-майы № 01-7/16
Мамлекеттик менчиктеги объектилерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги №89 “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Беловодскидеги райондор аралык жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы” филиалын мамлекеттик менчиктен иштеген жери боюнча өз алдынча башкаруу жана тескөө үчүн, баардык материалдык-техникалык базасы менен биргеликте Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине баланска өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Сары-Өзөн айылдык кеңешинин ар бир туруктуу депутаттык комиссиясынан бирден депутат түзүлгөн комиссиянын курамына киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т. Талантбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага
Т.Э.Бектемиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 89 "Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.04.2024 · № 89
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37