# Кайыңды шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 17-январы № 7/IV–1 "Кайыңды шаарынын мэриясынын 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө» Кайыңды шаарынын мэринин отчетун бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кайыңды шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 17-январы № 7/IV–1 "Кайыңды шаарынын мэриясынын 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө» Кайыңды шаарынын мэринин отчетун бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7/IV–1
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.01.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033622>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45937/edition/39748/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033622.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайыңды шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 17-январы № 7/IV–1 "Кайыңды шаарынын мэриясынын 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө» Кайыңды шаарынын мэринин отчетун бекитүү жөнүндө" токтому (17.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033622

---

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 17-январы № 7/IV–1

"Кайыңды шаарынын мэриясынын 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө» Кайыңды шаарынын мэринин отчетун бекитүү жөнүндө" “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 6-пунктунун негизинде, Кайыңды шаарынын мэринин “Кайыңды шаарынын мэриясынын 2024 - жылынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө” отчетун угуп, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:

1. Кайыңды шаарынын мэринин “Кайыңды шаарынын мэриясынын 2024 – жылынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө ” отчету бекитилсин.

2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Төрага

У.Б. Абдрасулов
