Красная Речка айылдык кеңешинин «Айылдык жамаатынын инвестициялык ассоциациясын каттоо жѳнүндѳ» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КРАСНАЯ РЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 17-августундагы № 18/VI
Айылдык жамаатынын инвестициялык ассоциациясын каттоо жѳнүндѳ Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн жоопту катчысы В.Т.Шаршееванын «Айылдык жамаатынын инвестициялык ассоциациясын каттоо жѳнүндѳ» маалыматын карап жана талкуулап, айылдык кенешинин депутаттары айыл жамааттарынын инвестициялык ассоциациясын каттоодон ѳткѳрүү үчүн Красная Речка айыл аймагынын чек арасын аныктоо зарыл. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесине ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная Речка айылдык кеңешинин сессиясы;
токтом кылат:
1. Чуй облусунун Ысык-Ата районунун Красная Речка айыл аймагынын айылдык жааматынын ассоциациясын уставдык ишмердүүлүгү үчүн чек ара катары аныкталсын.
2. Бекитилген Уставдын жана Протоколдун негизинде Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Красная Речка айыл аймагынын айылдык кенешинин айылдык жааматынын ассоциациясын уставы каттоодон ѳткѳрүлсүн.
3. Красная Речка айыл ѳкмѳтү келишимдин негизинде алардын Уставына ылайык ишмердүүлүгүнѳ кѳмѳк кѳрсѳтсүн.
4. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
7. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
Н.С.Бекбоева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59