# Төлөк айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 39 “Маловодное” айылдын атын “Назар-Ата” ысымына өзгөртүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Төлөк айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 39 “Маловодное” айылдын атын “Назар-Ата” ысымына өзгөртүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033596>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45907/edition/39720/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033596.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Төлөк айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 39 “Маловодное” айылдын атын “Назар-Ата” ысымына өзгөртүү жөнүндө" токтому (21.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033596

---

ТӨЛӨК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 21-июлу № 39

“Маловодное” айылдын атын “Назар-Ата” ысымына өзгөртүү

Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” (КР 2002-жылдын 25-июлундагы N 130, 2008-жылдын 21-июлундагы N 159. 2014-жылдын 18- июлундагы N 144, 2022-жылдын. 20-январындагы N 9, 2023-жылдын 6- апрелиндеги N 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) № 67 Мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана Маловодное айылынын жарандарынын “Маловодное” айылынын атын тарыхый инсан болгон айылдын тургуну “Назар-Ата” атына которуп берүү жөнүндөгү 2025- жылдын 11-июлундагы чогулуштун протоколун карап чыгып Төлөк айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Маловодное” айылынын атын тарыхый инсан болгон айылдын тургуну “Назар-Ата” атына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. “Маловодное” айылынын атын “Назар-Ата” атын атоо боюнча бардык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета тарабынан аныкталган тартипте демилгелеген тараптын эсебинен жүргүзүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго милдеттендирилсин.

Төлөк айыл кеңешинин төрөгасы

Иманалиев У.Д.
