# Төлөк айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 32 "Мүлккө муниципалдык менчикти өткөрүп берүү жана чарба жүргүзүү укугу менен колдонууга берүү" токтому

- Толук аталышы: Төлөк айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 32 "Мүлккө муниципалдык менчикти өткөрүп берүү жана чарба жүргүзүү укугу менен колдонууга берүү" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033584>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45901/edition/39713/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033584.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Төлөк айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-июлундагы № 32 "Мүлккө муниципалдык менчикти өткөрүп берүү жана чарба жүргүзүү укугу менен колдонууга берүү" токтому (21.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033584

---

ТӨЛӨК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 21-июлу № 32

Мүлккө муниципалдык менчикти өткөрүп берүү жана чарба жүргүзүү укугу менен колдонууга берүү

Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” № 37 Мыйзамынын 14 жана 16 беренелерине ылайык (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 19- августундагы № 152, 2006-жылдын 22-ноябрындагы № 184, 2008-жылдын 14-февралындагы № 12, 2008-жылдын 29-декабрындагы № 279, 2009-жылдын 15-июнундагы № 182, 2011-жылдын 21-декабрындагы № 243, 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201, 2016-жылдын 22-июнундагы № 84, 2020-жылдын 6-мартындагы № 24, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147, 2023-жылдын 12-октябрындагы № 187, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Төлөк айылдык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтомунун негизинде бириккен Чапаев, Целинный, Төлөк айыл аймактарына таандык болгон мүлккө муниципалдык менчиктер, тийиштүү укук мурастоочусу болгон Төлөк айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин.

2. Төлөк айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде болгон мүлк, “Таза-Биримдик” муниципалдык ишканага чарба жүргүзүү укугу менен берилсин.

3. Чарба жүргүзүү үчүн мүлк берилген “Таза-Биримдик” муниципалдык ишкана, бул мүлккө Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен аныкталган чектерде ээлик кылып, пайдаланып жана тескөөгө алсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ж.Алыбековго милдеттендирилсин.

Төлөк айыл кеңешинин төрөгасы

Иманалиев У.Д.
