# Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-майы № 01-7/20 “Бөбөк нуру” бала бакчасынын тамак-аш чыгымдарынын баасын белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-майы № 01-7/20 “Бөбөк нуру” бала бакчасынын тамак-аш чыгымдарынын баасын белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-7/20
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033582>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45895/edition/39707/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033582.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-майы № 01-7/20 “Бөбөк нуру” бала бакчасынын тамак-аш чыгымдарынын баасын белгилөө жөнүндө" токтому (29.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033582

---

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 29-майы № 01-7/20

“Бөбөк нуру” бала бакчасынын тамак-аш чыгымдарынын баасын белгилөө жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн башкы адис-эсепчиси Г.Тулинованын маалыматын карап жана талкуулап, тапшырган тиешелүү материалдарынын (Асылбаш айылында жайгашкан “Бөбөк нуру” бала-бакчасынын директорунун “Ата-эне төлөмүнүн жаңы төлөмү жөнүндө” кайрылуусунун жана бала-бакчанын тамак-аш азыктарынын баасын жогорулатуу жөнүндө ата-энелер чогулушунун протоколу) негизинде айылдык кеңештин пландык бюджет, экономикалык, фискалдык саясат боюнча депутаттык комиссиясынын чечими менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы №7 “Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-ашка чыгымдардын акчалай нормалары жөнүндө” токтомуна ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Асылбаш айылында жайгашкан “Бөбөк нуру” бала-бакчасынын тамак-аш үчүн акы төлөө нормалары төмөнкүдөй эсеп менен белгиленсин:

- жергиликтүү бюджеттен тамактанууга бир балага күнүнө – 18 сом;

- ата-энелик төлөм: тамактанууга бир балага күнүнө – 82 сом, анын ичинен 10 сом чарбалык муктаждыкка.

2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен жетим балдардын тамактануусуна 100% өлчөмүндө жөлөк пул төлөнүп берилсин.

3. Турмуш-тиричилик муктаждыктарына төлөө боюнча женилдиктер төмөндөгүдөй адамдардын категорияларына берилсин:

- балдар бакчасынын кызматкерлеринин балдарына;

- үй-бүлөнүн багуусунда 3 жана андан ашык көп балалуу ата-энелерге (1 балага);

- инклюзивдүү балдарга.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башкы адиси-эсепчиси Г.Тулиновага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Э.Бектемиров
