Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Сары-Өзөн айылдык кеңешинин “Бөбөк нуру” бала бакчасынын тамак-аш чыгымдарынын баасын белгилөө жөнүндө» токтому
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-майы № 01-7/20
“Бөбөк нуру” бала бакчасынын тамак-аш чыгымдарынын баасын белгилөө жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн башкы адис-эсепчиси Г.Тулинованын маалыматын карап жана талкуулап, тапшырган тиешелүү материалдарынын (Асылбаш айылында жайгашкан “Бөбөк нуру” бала-бакчасынын директорунун “Ата-эне төлөмүнүн жаңы төлөмү жөнүндө” кайрылуусунун жана бала-бакчанын тамак-аш азыктарынын баасын жогорулатуу жөнүндө ата-энелер чогулушунун протоколу) негизинде айылдык кеңештин пландык бюджет, экономикалык, фискалдык саясат боюнча депутаттык комиссиясынын чечими менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы №7 “Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-ашка чыгымдардын акчалай нормалары жөнүндө” токтомуна ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Асылбаш айылында жайгашкан “Бөбөк нуру” бала-бакчасынын тамак-аш үчүн акы төлөө нормалары төмөнкүдөй эсеп менен белгиленсин:
- жергиликтүү бюджеттен тамактанууга бир балага күнүнө – 18 сом;
- ата-энелик төлөм: тамактанууга бир балага күнүнө – 82 сом, анын ичинен 10 сом чарбалык муктаждыкка.
2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен жетим балдардын тамактануусуна 100% өлчөмүндө жөлөк пул төлөнүп берилсин.
3. Турмуш-тиричилик муктаждыктарына төлөө боюнча женилдиктер төмөндөгүдөй адамдардын категорияларына берилсин:
- балдар бакчасынын кызматкерлеринин балдарына;
- үй-бүлөнүн багуусунда 3 жана андан ашык көп балалуу ата-энелерге (1 балага);
- инклюзивдүү балдарга.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башкы адиси-эсепчиси Г.Тулиновага жүктөлсүн.
Төрага
Т.Э.Бектемиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.