# Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-майы № 01-7/24 "Жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-майы № 01-7/24 "Жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-7/24
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033575>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45887/edition/39699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033575.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-майы № 01-7/24 "Жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүү жөнүндө" токтому (29.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033575

---

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 29-майы № 01-7/24

Жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүү жөнүндө

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКуна караштуу Чуй электр тармактар ишканасы филиалынын 17.05.2024-жылдын №214/897 катынын негизинде Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн жеке турак-жай куруу үчүн жер участокторду берүүдө жана башка жер маселелери боюнча комиссиясынын 28.05.2024-ж. чечимин карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-бер. 1-п., 13-бер. 1-п. 1.1-п.п., 25-бер 2-п., бер.109-бер. ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чүй электр тармактар ишканасынын "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААК филиалына Асылбаш айылы, Иманкул көчөсү №1 дарегинде жайгашкан "Белогорка" подстанциясынын алдындагы аянты 1790,7 чарчы метр болгон жер участогу бекитилип берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин 25-беренесине ылайык бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Сокулук филиалында 30 күндүн ичинде катталууга тийиш.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Талантбек уулуна жүктөлсүн.

Төрага

Т.Э.Бектемиров
