Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Сары-Өзөн айылдык кеңешинин «Жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүү жөнүндө» токтому
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-майы № 01-7/24
Жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүү жөнүндө
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКуна караштуу Чуй электр тармактар ишканасы филиалынын 17.05.2024-жылдын №214/897 катынын негизинде Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн жеке турак-жай куруу үчүн жер участокторду берүүдө жана башка жер маселелери боюнча комиссиясынын 28.05.2024-ж. чечимин карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-бер. 1-п., 13-бер. 1-п. 1.1-п.п., 25-бер 2-п., бер.109-бер. ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй электр тармактар ишканасынын "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААК филиалына Асылбаш айылы, Иманкул көчөсү №1 дарегинде жайгашкан "Белогорка" подстанциясынын алдындагы аянты 1790,7 чарчы метр болгон жер участогу бекитилип берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин 25-беренесине ылайык бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Сокулук филиалында 30 күндүн ичинде катталууга тийиш.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Талантбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага
Т.Э.Бектемиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон