# Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-майы № 01-7/25 "Жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-майы № 01-7/25 "Жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-7/25
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033574>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45886/edition/39698/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033574.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-майы № 01-7/25 "Жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүү жөнүндө" токтому (29.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033574

---

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 29-майы № 01-7/25

Жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүү жөнүндө

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКуна караштуу Чуй электр тармактар ишканасы филиалынын 17.05.2024-жылдын №214/897 катынын негизинде Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн жеке турак-жай куруу үчүн жер участокторду берүүдө жана башка жер маселелери боюнча комиссиясынын 28.05.2024-ж. чечимин карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-бер. 1-п., 13-бер. 1-п. 1.1-п.п., 25-бер 2-п., бер.109-бер. ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чүй электр тармактар ишканасынын "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААК филиалына Сокулук айылы, Свобода көчөсү, №130 дарегинде жайгашкан "Александровка" подстанциясынын алдындагы аянты 730,9 чарчы метр болгон жер участогу бекитилип берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин 25-беренесине ылайык бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, Кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Сокулук филиалында 30 күндүн ичинде катталууга тийиш.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Талантбек уулуна жүктөлсүн.

Төрага

Т.Э.Бектемиров
