Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Сары-Өзөн айылдык кеңешинин «Жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүү жөнүндө» токтому
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-майы № 01-7/25
Жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүү жөнүндө
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКуна караштуу Чуй электр тармактар ишканасы филиалынын 17.05.2024-жылдын №214/897 катынын негизинде Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн жеке турак-жай куруу үчүн жер участокторду берүүдө жана башка жер маселелери боюнча комиссиясынын 28.05.2024-ж. чечимин карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-бер. 1-п., 13-бер. 1-п. 1.1-п.п., 25-бер 2-п., бер.109-бер. ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чүй электр тармактар ишканасынын "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААК филиалына Сокулук айылы, Свобода көчөсү, №130 дарегинде жайгашкан "Александровка" подстанциясынын алдындагы аянты 730,9 чарчы метр болгон жер участогу бекитилип берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин 25-беренесине ылайык бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, Кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Сокулук филиалында 30 күндүн ичинде катталууга тийиш.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Талантбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага
Т.Э.Бектемиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон