# Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-майы № 01-7/26 "Православдык көрүстөндү “Таза Айыл” муниципалдык ишканасына өткөрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-майы № 01-7/26 "Православдык көрүстөндү “Таза Айыл” муниципалдык ишканасына өткөрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-7/26
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033572>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45885/edition/39696/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033572.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-майы № 01-7/26 "Православдык көрүстөндү “Таза Айыл” муниципалдык ишканасына өткөрүү жөнүндө" токтому (29.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033572

---

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 29-майы № 01-7/26

Православдык көрүстөндү “Таза Айыл” муниципалдык ишканасына өткөрүү жөнүндө

Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси К.Джумалиевдин Сокулук айылындагы православдык көрүстөндү муниципалдык ишканага өткөрүп берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн жеке турак-жай куруу үчүн жер участокторду берүүдө жана башка жер маселелери боюнча комиссиясынын 28.05.2024-жылдагы чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын жана 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын16-беренесин жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Сары-Өзөн айыл аймагынын Сокулук айылында №584 контурунда жайгашкан жалпы аянты 4,5га жер тилкесиндеги православдык көрүстөндү “Таза-Айыл” муниципалдык ишканасына чарба жүргүзүү укугу менен өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин 25-беренесине ылайык бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, Кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Сокулук филиалында 30 күндүн ичинде катталууга тийиш.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Талантбек уулуна жүктөлсүн.

Төрага

Т.Э.Бектемиров
