1-берене
Күчүндө · 24.10.2025 редакциясы
«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 765-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
«6) Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда туруктуу жашаган, 2026-жылдын 1-январынан кийин төрт жана андан көп бала төрөгөн көп балалуу энелерге (Кыргыз Республикасынын жарандарына жана кайрылмандарга) бир жолку «Бала Береке» төлөмү (мындан ары - бир жолку «Бала Береке» төлөмү»).»;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
«5. Бир жолку «Бала Береке» төлөмүнүн өлчөмү, дайындоо жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.»;
2) 102-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашоочу жарандар (үй-бүлөлөр), 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпулду, үчүнчү жана андан кийинки ар бир баласына алар 3 жашка чыкканга чейин «үй-бүлөгө көмөк» ар айлык жөлөкпулун кошпогондо, алар мамлекеттик жөлөкпулдун башка түрлөрүн алгандыгына карабастан, «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулун алууга укуктуу.»;
3) төмөнкүдөй мазмундагы 103-берене менен толукталсын:
"103-берене. Бир жолку «Бала Береке» төлөмүн дайындоо
1. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку «Бала Береке» төлөмү бала бир жашка чыкканда жүргүзүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку «Бала Береке» төлөмүн дайындоодо райондук коэффициент колдонулбайт.»;
4) 11-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында «жана «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулун» деген сөздөр «, бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулун жана бир жолку «Бала Береке» төлөмүн» деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө «жана «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулу» деген сөздөр «, бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулу жана бир жолку «Бала Береке» төлөмү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 5-бөлүктө «жана «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулунан» деген сөздөр «, бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулунан жана бир жолку «Бала Береке» төлөмүнөн» деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 14-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 9-пункт «үй-бүлөгө көмөк» деген сөздөрдөн кийин «, «бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк», «Бала Береке» деген сөздөр менен толукталсын;
б) 13-пунктта:
- мамлекеттик тилде «13) 16 жашка» деген сөздөр «131) 16 жашка» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- расмий тилде «13) предоставления» деген сөздөр «131) предоставления» деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 24.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 163
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230033568/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>