# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 251
- Кабыл алынган күнү: 03.11.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033543>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5670/edition/39663/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033543.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (03.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033543

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 3-ноябры № 251

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1- берене Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 1б-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1З6-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«136-берене. Ден соолукка жеңил залал келтирүү

1. Ден соолуктун кыска убакытка бузулуусуна же эмгекке жарамдуулукту олуттуу эмес туруктуу жоготууга алып келген ден соолукка жеңил залал келтирүү, -

200дөн 500 эсептик көрсөткучкө чейин айып салууга же кырк сааттан жүз саатка чейин коомдук иштерге тартууга жазаланат.

2. Адамга карата анын кызматтык, кесиптик ишин жүзөгө ашыруусуна же коомдук милдетин аткаруусуна байланыштуу жасалган ушундай эле жосун, -

500дөн 1 000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга жазаланат.»;

2) 280-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

«6) адамга карата анын кызматтык, кесиптик ишин жүзөгө ашыруусуна же коомдук милдетин аткаруусуна байланыштуу жасалса, -».

2- берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 85 (3741) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2025-жылдын 24-сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
