# 9-берене. Керектөөчү кредит келишимин өзгөртүү жана бузуу

- Документ: [Керектөөчү кредит жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230033527)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 237 "Керектөөчү кредит жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 237
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033527/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5669/edition/39644/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033527/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчү кредит жөнүндө, 9-берене (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033527/st-9

---

1. Керектөөчү кредит келишиминин шарттарын тараптардын макулдашуусу боюнча же эгерде Кыргыз Республикасынын банк жана жарандык мыйзамдарында башкача каралбаса, келишимде каралган тартипте өзгөртүлүүгө жол берилет.

2. Зайымчы Кыргыз Республикасынын банк жана жарандык мыйзамдарында же келишимде каралган учурларда жана тартипте керектөөчү кредит келишимин бузууга укуктуу.

3. Эгерде зайымчы келишим түзүлгөн күндөн тартып бир айдын ичинде берилген керектөөчү кредитти пайдаланбаса, кредитор бул тууралуу зайымчыга билдирүү жана ага төлөнгөн бардык суммаларды (ал бар болсо) кайтарып берүү менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк жана жарандык мыйзамдарында жана керектөөчү кредит келишиминде каралган башка учурларда бул зайьмчынын укуктарын начарлатпаса жана/же милдеттерин көбөйтпөсө, керектөөчү кредит келишимин бир тараптуу тартипте бузууга укуктуу.

4. Зайымчы керектөөчү кредит келишими боюнча милдеттенмелерди каалаган убакта, толугу менен же жарым-жартылай, айып пулдарды, комиссияларды жана башка санкцияларды төлөбөстөн мөөнөтүнөн мурда аткарууга укуктуу. Керектөөчү кредит толугу менен же жарым-жартылай мөөнөтүнөн мурда жабылган учурда кредитор зайымчынын керектөөчү кредит келишими боюнча милдеттенмелерин кайра эсептөөгө, төлөм графигин жана төлөнүүгө тийиш болгон жалпы пайыздардын суммасын (үстөк бааларды) негизги карыздын азайтылган суммасына пропорционалдуу оңдоого милдеттүү. Милдеттенмелердин өзгөргөндүгү же болбосо толук аткарылгандыгы жөнүндө тастыктоо зайымчынын талабы боюнча аны менен макулдашылган, бирок беш жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө жазуу жүзүндө же электрондук түрдө берилет.

5. Товарды, жумушту же кызмат көрсөтүүнү төлөөнү бөлүп төлөө (мөөнөтүн кийинкиге калтыруу) түрүндө керектөөчү кредит берилгенде зайымчы келишимди бузууга жана төлөнгөн сумманы кайтарып берүүнү же болбосо талаптагыдай эмес сапаттагы товарды (жумушту, кызмат көрсөтүүнү) келишимде белгиленген тартипте алмаштырууну талап кылууга укуктуу.

6. Керектөөчү кредитти кайра каржылоо эки жолудан ашык жүргүзүлбөөгө тийиш.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230033527/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230033527/st-10)
