8-берене. Кредиттин толук наркы
Күчүндө · 28.10.2025 редакциясы
1. Керектөөчү кредиттин толук наркы зайымчынын керектөөчү кредитти алуу жана тейлөө менен түздөн-түз байланышкан бардык чыгымдарын камтыйт, анын ичинде:
1) номиналдык пайыздык ставка боюнча чегерилген пайыздар;
2) каржылоонун ислам принциптеринин шарттарында түзүлгөн келишимдер боюнча үстөк баа;
3) товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн наркы менен кредитор аркылуу бөлүп төлөөгө (мөөнөтүн кийинкиге калтырууга) зайымчы тарабынан иш жүзүндө төлөнүүчү сумманын ортосундагы айырма болуп саналган үстөк баа;
4) керектөөчү кредитти алуу жана тейлөө менен түз байланышкан камсыздандырууга кеткен чыгымдар (бар болсо);
5) керектөөчү кредит келишимин түзүү менен түз байланышкан нотариалдык кызмат көрсөтүүлөр жана мамлекеттик алымдар;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түз каралган кыйыр салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр.
Ушул беренеде каралган төлөмдөрдөн тышкары, зайымчыдан башка төлөмдөрдү алууга жол берилбейт, буга керектөөчү кредитти алуу жана тейлөө менен байланышпаган, зайымчынын өтүнүчү боюнча анын төлөөгө макулдугу менен берилүүчү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акысыз негизде көрсөтүлүүчү кызматтарга кирбеген акы төлөнүүчү кошумча кызматтарды көрсөтүү учурлары кирбейт.
2. Керектөөчү кредит боюнча номиналдык пайыздык ставка келишимдин шарттарына жараша эсептелгенде күнүнө 0,08 пайыздан ашпоого тийиш. Керектөөчү кредит келишими боюнча пайыздар кредиттин негизги суммасынын азаюучу калдыгына номиналдык ставка боюнча чегерилет.
Товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн наркы пайыздарды эсептебестен бөлүп төлөө (мөөнөтүн кийинкиге калтыруу) формада берилген учурда төлөмдүн бир жолку толук төлөмдөгү баасынан ашпоого тийиш. Товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн наркынын ар кандай жогорулашы күнүнө 0,08 пайыздан ашпаган ставка боюнча пайыздык суммага барабар болгон карызга үстөк баа кошулган шартта гана жол берилет. Улуттук банк кредиторлор үчүн ушул бөлүктө көрсөтүлгөн маанилерден ашпаган пайыздык ставканын же үстөк баанын башка өлчөмдөрүн керектөөчүлөрдү кредиттөө рыногунун абалын эске алуу менен финансылык туруктуулукту камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында белгилөөгө укуктуу.
3. Керектөөчү кредиттин толук наркы жана натыйжалуу пайыздык ставкасы ушул Мыйзамда каралган тартипте келишим түзүүгө чейин зайымчыга милдеттүү түрдө ачыкка чыгарылууга тийиш.
4. Керектөөчү кредиттин толук наркын бурмалаган же кредиттик келишимдин валютасынан башка валютага байланган төлөмдөрдү индексациялоону караган эсептөө ыкмаларын же шарттарды пайдаланууга жол берилбейт.
Берененин тексти 28.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230033527/st-8" title="8-берене - Керектөөчү кредит жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>