# 5-берене. Керектөөчү кредитти алууда зайымчы тарабынан берилүүчү документтер

- Документ: [Керектөөчү кредит жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230033527)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 237 "Керектөөчү кредит жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 237
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033527/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5669/edition/39644/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033527/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчү кредит жөнүндө, 5-берене (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033527/st-5

---

1. Зайымчы кредиттик өтүнмөнү кароо үчүн кредиторго инсандыгын ырастоочу документтерди, ошондой эле анын төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо жана ушул Мыйзамдын талаптарын аткаруу үчүн зарыл болгон башка документтерди берүүгө милдеттүү.

2. Документтердин минималдуу тизмеги төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) зайымчынын инсандыгын ырастоочу документ;

2) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ал бар болсо);

3) зайымчынын кирешелери жана зарылдыгына жараша анын үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар аныктыгы ал тарабынан тастыкталуучу документтер же арыздар формасында зайымчы тарабынан же болбосо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилет, анын ичинде электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу маалыматтар;

4) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында же келишимде каралган учурларда башка документтер.

Кредитор берилген документтердин аныктыгын текшерүүнү камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.

3. Зайымчы тарабынан берилүүчү документтердин тизмегине карата кошумча талаптар Улуттук банк тарабынан белгилениши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230033527/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230033527/st-6)
