# 3-берене. Керектөөчү кредит келишиминин тараптары жана предмети

- Документ: [Керектөөчү кредит жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230033527)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 237 "Керектөөчү кредит жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 237
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033527/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5669/edition/39644/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033527/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчү кредит жөнүндө, 3-берене (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033527/st-3

---

1. Керектөөчү кредит келишиминин тараптары болуп зайымчы жана кредитор саналат. Керектөөчү кредитти берүү боюнча мамилелерде Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган учурларда зайымчынын милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуучу башка жактар да катыша алышат.

2. Керектөөчү кредит келишиминин предмети болуп зайымчыга мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөмдүүлүк шарттарында берилүүчү акча каражаттары, ошондой эле кредитор аркылуу төлөнүүчү товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр саналат.

Керектөөчү кредиттин предметине кыймылсыз мүлктү (ипотека), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүгүртүүдөн алып салынган же жүгүртүүсү чектелген башка мүлктү сатып алуу менен байланышкан кредиттер жана бөлүп төлөөлөр кирбейт.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230033527/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230033527/st-4)
