# 15-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Керектөөчү кредит жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230033527)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 237 "Керектөөчү кредит жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 237
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033527/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5669/edition/39644/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033527/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчү кредит жөнүндө, 15-берене (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033527/st-15

---

1. Керектөөчү кредитти берүүнүн шарттарын бузуу, анын ичинде керектөөчү кредиттин толук наркын жашыруу, зайымчыны келишимдин шарттары боюнча адаштыруу, ушул Мыйзамда каралбаган комиссияларды же төлөмдөрдү алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык-укуктук, административдик жана башка жоопкерчиликке, ошондой эле кредитордун жогоруда көрсөтүлгөн бузуулар менен байланышкан чыгымдарды зайымчыга төлөп берүү милдетине алып келет.

2. Ушул Мыйзамдын 8-беренесинде белгиленген мааниден ашкан пайыздык ставка же үстөк баа белгиленген учурда кредитор төмөнкүлөрдү камтыган жоопкерчиликти тартат:

1) зайымчынын керектөөчү кредит боюнча пайыздар (үстөк баа) боюнча карызынын суммасын ушул Мыйзамда келишим түзүлгөн датага карата белгиленген өлчөмдөн ашпаган номиналдык ставка (үстөк) боюнча кайра эсептөөнү жана ашыкча чегерилген суммаларды зайымчынын негизги карызын жабууга сарптоону же болбосо аларды зайымчыга кайтарып берүүнү;

2) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып пул салууну жана/же банк мыйзамдарына ылайык башка таасир этүү чараларын колдонууну.

3. Ушул беренеде каралган жоопкерчилик чараларын колдонуу кредиторду жана зайымчыны ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө келишимдик милдеттенмелерин аткаруудан бошотпойт.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230033527/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230033527/st-16)
