# 14-берене. Талаш-тартыштарды чечүү жана зайымчынын укуктарын коргоо тартиби

- Документ: [Керектөөчү кредит жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230033527)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 237 "Керектөөчү кредит жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 237
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033527/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5669/edition/39644/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033527/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчү кредит жөнүндө, 14-берене (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033527/st-14

---

1. Керектөөчү кредит келишимдеринен келип чыккан талаш-тартыштар сот тартибинде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган соттон тышкары, анын ичинде медиация формаларында чечилүүгө тийиш.

2. Зайымчы жана кредитор талаш-тартышты сотко чейинки тартипте, анын ичинде кредиттик уюмга жана Улуттук банкка, ошондой эле финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароого ыйгарым укуктуу башка органдарга жана уюмдарга даттануу жолу менен же болбосо талаш-тартыштарды чечүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган башка ыкма менен чечүүгө укуктуу.

3. Талаш-тартыштарды сотко чейинки жөнгө салуу медиация жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте медиацияны колдонуу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

4. Талаш-тартыштарды сотко чейинки же соттон тышкары жөнгө салуу тараптардын процессуалдык мыйзамдарда белгиленген тартипте сотко кайрылуу укугун чектебейт.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230033527/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230033527/st-15)
