# 12-берене. Керектөөчү кредит келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу

- Документ: [Керектөөчү кредит жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230033527)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 237 "Керектөөчү кредит жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 237
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033527/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5669/edition/39644/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033527/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчү кредит жөнүндө, 12-берене (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033527/st-12

---

1. Керектөөчү кредит келишими боюнча зайымчынын милдеттенмелерди аткаруусу кепилдиктер, кепилдик берүү, мүлктү, баалуу кагаздарды же акча каражаттарын күрөөгө коюу жана Кыргыз Республикасынын банк жана жарандык мыйзамдарында жана келишимде түз каралган камсыз кылуунун башка формалары менен камсыздалышы мүмкүн.

2. Кепилдикти жана/же кепилчиликти берүүчү жактардын төлөө жөндөмдүүлүгү Кыргыз Республикасынын банк жана жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Камсыз кылуу керектөөчү кредитти берүүнүн милдеттүү шарты болуп саналбайт. Зайымчынын өмүрүн жана ден соолугун же башка жеке тобокелдиктерин камсыздандыруу керектөөчү кредит келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу катары таанылбайт.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230033527/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230033527/st-13)
