12-берене. Керектөөчү кредит келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу
Күчүндө · 28.10.2025 редакциясы
1. Керектөөчү кредит келишими боюнча зайымчынын милдеттенмелерди аткаруусу кепилдиктер, кепилдик берүү, мүлктү, баалуу кагаздарды же акча каражаттарын күрөөгө коюу жана Кыргыз Республикасынын банк жана жарандык мыйзамдарында жана келишимде түз каралган камсыз кылуунун башка формалары менен камсыздалышы мүмкүн.
2. Кепилдикти жана/же кепилчиликти берүүчү жактардын төлөө жөндөмдүүлүгү Кыргыз Республикасынын банк жана жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Камсыз кылуу керектөөчү кредитти берүүнүн милдеттүү шарты болуп саналбайт. Зайымчынын өмүрүн жана ден соолугун же башка жеке тобокелдиктерин камсыздандыруу керектөөчү кредит келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу катары таанылбайт.
Берененин тексти 28.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230033527/st-12" title="12-берене - Керектөөчү кредит жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>