# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 651 "2030-жылдын 1-январына чейин КНС 80 пайызга азайтуу менен төлөнүүчү ата мекендик айыл чарба продукциясынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 651 "2030-жылдын 1-январына чейин КНС 80 пайызга азайтуу менен төлөнүүчү ата мекендик айыл чарба продукциясынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 651
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033517>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45845/edition/39626/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033517.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 651 "2030-жылдын 1-январына чейин КНС 80 пайызга азайтуу менен төлөнүүчү ата мекендик айыл чарба продукциясынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому (09.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033517

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 9-октябры № 651

2030-жылдын 1-январына чейин КНС 80 пайызга азайтуу менен төлөнүүчү ата мекендик айыл чарба продукциясынын тизмесин бекитүү жөнүндө

Агроөнөр жай комплексин колдоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба продукциясынын өндүрүүчүлөрүнө дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2030-жылдын 1-январына чейин КНС 80 пайызга азайтуу менен төлөнүүчү ата мекендик айыл чарба продукциясынын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 14-октябрындагы № 78 (3734) саны менен жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

Тиркеме

2030-жылдын 1-январына чейин КНС 80 пайызга азайтуу менен төлөнүүчү ата мекендик айыл чарба продукциясынын ТИЗМЕСИ

№

ТЭИ ТН коду

Аталышы

Эскертүү

Социалдык маанилүү товарлар

1

0201

0201209008

0201300008

Бодо малдын эти (жаңы же муздатылган)

\*

2

0204

0204229000

0204230000

0204439000

Кой жана эчки эти (муздатылган же тоңдурулган)

\*

3

0207

0207111009

0207113009

0207119009

0207121009

0207129009

0207131009

0207132009

0207133009

0207134009

0207135009

0207136009

0207137009

0207139909

0207139009

0207141009

0207142009

0207143009

0207144009

0207145009

0207146009

0207149909

Үй канаттууларынын эти жана тамак-аш субпродуктулары (жаңы, муздатылган же тоңдурулган)

\*

4

0302118000

Балык (жаңы, муздатылган)

5

0303149000

Тоңдурулган балык

6

0407210000

Тоок жумурткасы

7

0407299000

Бөдөнө жумурткасы

8

1512

1512199002

1512199003

1512219000

1512119109

1512119101

1512119909

1512199009

Сафлор, күн карама жана пахта майы, ошондой эле алардын фракциялары (рафинаддалган, колдонууга даяр)

9

0701909000

Картөшкө

10

0713339000

Буурчак

Айыл чарба продукциясы

Ачык жана жабык топуракта өстүрүлгөн жашылча өсүмдүктөрү

11

0704901001

Ак капуста

12

0704100000

Түстүү капуста жана брокколи

13

0707000506(сезон боюнча)

Бадыраң

14

0709300000

Баклажан

15

0702000005

Томат (помидор)

16

0709931000

Кабакча

17

0703900000

Жашылча чөптөр

18

0709939000

Ашкабак

19

0706100001

Ашкана сабизи

20

0703200000

Сарымсак

21

0703101900

Пияз

22

0706909001

Ашкана кызылчасы

Мөмө-жемиш өсүмдүктөрү жана жүзүм

23

0706909009

Башка ушул сыяктуу жегенге боло турган тамыры жемиштер (жаңы же муздатылган)

24

0807110000

Дарбыз

25

0808108006

Алма

26

0809100000

Өрүк

27

0809290000

Алча

28

0809309000

Шабдалы

29

080940

0809400500

0809409000

Кара өрүк

30

0809290000

Гилас

31

0810201000

Данкуурай

32

0810100000

Кызылгат (кулпунай)

33

1006309400

Кабыгынан аарчылган күрүч

Баткен, өзгөн

34

0802310000

0802320000

Жаңгак

35

0409000000

Табигый аары балы

Эскертүү. Кыргыз Республикасынын ички рыногунун алкагында этти классификациялоо үчүн негизги категория катары 4 белгиден турган (уй эти үчүн 0201, кой жана эчкинин эти үчүн 0204, канаттуулардын эти үчүн 0207) ТЭИ ТН коду тандалып алынган, мында "башка" кесимдерди жана бөлүктөрдү билдирген тиешелүү 10 белгиден турган коддор көрсөтүлгөн. Бул төмөнкүлөр менен шартталган:

- уй эти үчүн (0201): 4 белгинин деңгээли (0201) жаңы же муздатылган бодо малдын эти үчүн жалпыланган топ катары колдонулат, анткени товар сөөгү жана майы менен кошо кесилген бөлүктөрдөн, ошондой эле кесинди сулп эттен турат. ТЭИ ТНдин калган коддору (мисалы, 0201 20 10 дал жилиги үчүн, 0201 20 30 алдынкы төрттөн бир бөлүгү үчүн, 0201 20 50 арткы төрттөн бир бөлүгү үчүн) туура келбейт, анткени чоң кесимдердин анатомиялык түзүлүшүн сактоону талап кылат (алдынкы бөлүктө 4-10 кабырга, арткы бөлүктө 3+ кабырга болушу керек), бул соода тармактары үчүн майда кесимдерге жана кесинди сулп этке туура келбейт. Айыл чарба продукцияларынын тизмесинде 10 белгиден турган коддор деталдаштыруу үчүн аныкталган жана ассортиментти камтыган эң ылайыктуусу 0201 20 90 08 (сөөктүү башка кесимдер) коду болуп саналат;

- кой жана эчки эти үчүн (0204): 4 белгинин деңгээли (0204) жаңы же муздатылган кой жана эчкинин эти үчүн сөөгү жана майы менен кошо бөлүктөргө, ошондой эле сулп этке кесилген жалпыланган топ катары тандалып алынган. Калган коддор (мисалы, 0204 22 10 алдынкы төрттөн бир бөлүгү үчүн, 0204 22 50 жамбаш жана кашка жилик бөлүктөрү үчүн) анатомиялык бүтүндүктү сактоо талаптарынан улам колдонулбайт, анткени алар майда кесимдерге жана кесинди сулп этке туура келбейт. Айыл чарба продукцияларынын тизмесинде 10 белгиден турган коддор 0204 22 90 08 (кой эти үчүн сөөгү менен кошо башка кесимдер) жана 0204 50 39 08 (эчки үчүн) аралаш ассортимент үчүн кыйла туура келген "башка" катары тандалган;

- канаттуулардын эти үчүн (0207): 4 белгинин деңгээли (0207) жаңы же муздатылган канаттуулардын эти үчүн жалпыланган топ катары колдонулат, анткени товар сөөгү жана майы менен кошо кесилген майда бөлүктөрдөн, анын ичинде өзүнчө сатылуучу буттардан жана канаттардан, ошондой эле ар кандай түрдөгү көптөгөн башка бөлүктөрдөн турат (төшү, буту ж.б.). Калган коддор (мисалы, 0207 12 10 жарым/төрттөн бир бөлүктөр үчүн, 0207 13 30 канаттар үчүн, 0207 13 60 буттар үчүн) туура келбейт, анткени майда бөлүктөрдүн ар кандай ассортиментинен эмес, конкреттүү бүтүн бөлүктөрдөн турат. Айыл чарба продукцияларынын тизмесинде 10 белгиден турган коддор 0207 12 90 08 (башка жарым тушалар жана кесимдер) же 0207 13 90 08 (башка сөөктөн ажыратылбаган бөлүктөр) коду соода тармактарындагы кеңири ассортиментти чагылдыргандыгы үчүн "башкалар" катары тандалган.

Ошентип, 4 белгиден турган коддор сөөктөн ажыратылбаган жаңы/муздатылган эттин бүткүл ассортиментин эсепке алуу үчүн жалпылоочу категория катары тандалып алынган, ал эми "башкаларга" колдонулуучу 10 белгиден турган коддор (08 менен аяктаган) айыл чарба продукцияларынын тизмесинин деталдаштырылышын анатомиялык кесимдерге туура келбеген майда кесилген бөлүктөрдүн, кесинди сулп эттин жана ар кандай бөлүктөрдүн өзгөчөлүгүнө шайкеш келтирүү үчүн колдонулган.
