# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-ноябрындагы N 557 "Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунан эс алуу базаларын жана туристтик комплекстерди куруу үчүн жер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы N 30 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-ноябрындагы N 557 "Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунан эс алуу базаларын жана туристтик комплекстерди куруу үчүн жер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы N 30 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 557
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033505>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45836/edition/39605/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033505.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-ноябрындагы N 557 "Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунан эс алуу базаларын жана туристтик комплекстерди куруу үчүн жер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы N 30 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (20.10.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033505

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-октябрындагы N 655 токтомуна ылайык КОЛДОНУУ ТОКТОТУЛДУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 21-ноябры N 557

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунан эс алуу базаларын жана туристтик комплекстерди куруу үчүн жер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы N 30 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 7-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: "Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунан эс алуу базаларын жана туристтик комплекстерди куруу үчүн жер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы N 30 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- "ДАГАС Сити" жоопкерчилиги чектелген коомуна Чолпоната шаарынын 8,0 га башка жерлерин, анын ичинен туристтик комплексти долбоорлоо жана куруу үчүн 25 жылдык мөөнөт менен убактылуу пайдаланууга - 4,0 га жана 2017-жылга чейин ижара шартында аймактарды күтүү жана көрктөндүрүү үчүн - 4,0 га;".

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Атамбаев
