# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 2025-жылдын 22-октябрындагы № 769 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 2025-жылдын 22-октябрындагы № 769 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 769
- Кабыл алынган күнү: 22.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033499>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230033499/edition/39596/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033499.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 2025-жылдын 22-октябрындагы № 769 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" буйругу (22.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033499

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ 2025-жылдын 22-октябры № 769 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” 2023-жылдын 3-мартындагы №115 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы №124 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" жобонун 15-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (мындан ары - ЖАМК) тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. ЖАМКнын мекемелеринин башчылары ушул буйрукту өздүк курам тарабынан окуп-үйрөнүүнү камсыз кылышсын.

3. ЖАМКнын Коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражатары менен байланыш бөлүмү, ушул буйрук кабыл алынган күндөн тартып ЖАМКнын расмий веб-сайтында жарыялоону ишке ашырсын.

4. ЖАМКнын Катчылыгы, ушул буйрук жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.

5. ЖАКтын 2023-жылдын 14-августундагы “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндө” № 436 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Буйрук кызыкдар тараптарга жарыялансын.

6. Буйруктун аткарылышын контролдоо ЖАМКнын тɵрагасынын орун басарына жүктөлсүн.

2025-жылдын 23-октябрында http://www.gsin.gov.kg/page/kyzmatkerler расмий сайтында жарыяланды

Төрага

Ч.Э. Кожошев
