Кыргыз Республикасынын «2025-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы «Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорун кошумча каржылоо «CASA-1000» долбоору боюнча финансылык контрактты ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 23-октябры № 231
2025-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы "Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорун кошумча каржылоо "CASA-1000" долбоору боюнча финансылык контрактты ратификациялоо жөнүндө
1-берене. 2025-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы "Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорун кошумча каржылоо "CASA-1000" долбоору боюнча финансылык контракт ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Финансылык контракттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Европа инвестициялык банкына кабарласын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 23-октябрындагы № 81 (3737) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2025-жылдын 25-сентябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 24-сентябры № 3441-VII "2025-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын…Постановление · 24.09.2025 · № 3441-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 25-сентябры № 3487-VII "2025-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын…Постановление · 25.09.2025 · № 3487-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-сентябры № 3395-VII "2025-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын…Постановление · 17.09.2025 · № 3395-VII