Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун иш тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-августу № 64
Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун иш тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде ыкчам чара көрүү координациялык тобунун иш тартибин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин 4-бөлүгүн, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун иш тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) ишинин тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" 2020-жылдын 4-февралындагы № 33 токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун (ЫЧКТ) ишинин тартиби жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" 2020-жылдын 4-февралындагы № 33 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 679 токтому.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 22-августундагы № 63 (3719) жарыяланды
Төрага
Т. Шайназаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун иш тартиби жөнүндө жобо (КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 20-августундагы № 64 токтому менен…Положение · 20.08.2025 · № 64
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 4-февралындагы №33 "Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун (ЫЧКТ) ишмердүүлүгүнүн тартиби жөнүндө"…Постановление · 04.02.2020 · № 33 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 4-февралындагы №33 "Ыкчам чара көрүүчү координациялык топтун (ЫЧКТ) ишмердүүлүгүнүн тартиби жөнүндө"…Постановление · 04.02.2020 · № 33 · Күчүн жоготкон