# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-октябрындагы № 247 “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-октябрындагы № 247 “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 247
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033473>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5663/edition/39570/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033473.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-октябрындагы № 247 “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (31.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033473

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 31-октябры № 247

«Жарнама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230033473/st-1)

«Жарнама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

«психологиалык кызмат көрсөтүүлөр – практикалык психолог тарабынан өзүнүн кесиптик компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылуучу кызматтарды көрсөтүү боюнча кесиптик иш. Психологиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;»;

2) 16-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

«- көрсөтүлгөн чөйрөдө иш жүргүзүү укугун берүүчү тиешелүү багыт (адистик) боюнча кесиптик жогорку билимин ырастоочу документтери жок адамдардын психологиялык кызматтарды көрсөтүүсүнө багытталган.».

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230033473/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 84 (3740) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2025-жылдын 24-сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
