# 1-берене

- Документ: [Айрым коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230033465)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 21-октябрындагы № 225 "Айрым коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 225
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033465/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5661/edition/39560/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033465/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Айрым коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033465/st-1

---

"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 11-статьянын үчүнчү бөлүгүнүн экинчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 21-статьянын төртүнчү, бешинчи бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кесиптик бирликтердин бюджетинин каражаттарынын булактары, аны түзүү жана пайдалануу тартиби ушул Мыйзамдын 211-статьясында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен кесиптик бирликтердин уставдары жана жамааттык келишимдер менен аныкталат. Кесиптик бирликтердин финансылык иши ушул Мыйзамдын 211-статьясында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен алардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт.";

3) төмөнкүдөй мазмундагы 211-статья менен толукталсын:

"211-статья. Кесиптик бирликтердин ачыктыгы Кесиптик бирликтердин кирешелеринин өлчөмдөрү жана түзүмү, ошондой эле мүлкүнүн өлчөмдөрү жана курамы, алардын чыгымдары жөнүндө маалыматтар коммерциялык сырдын предмети боло албайт. Кайтарымсыз негизде берилген акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен иш жүргүзүүчү кесиптик бирликтер жыл сайын 1-апрелге чейин ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө өткөн жыл үчүн жыйынды маалыматтарды, ошондой эле сатып алынган, пайдаланылган жана ээликтен ажыратылган мүлк жөнүндө маалыматтарды жайгаштырат. Маалыматты жайгаштыруу формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230033465/st-2)
