# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Согуштук абал жөнүндө", "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230033461)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-октябры № 226 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Согуштук абал жөнүндө", "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" конституциялык Мыйзамына
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 226
- Кабыл алынган күнү: 22.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033461/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5660/edition/39553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033461/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Согуштук абал жөнүндө", "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (22.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033461/st-2

---

"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 81-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 22-статьянын 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"16) дипломатиялык кызматтардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет өлкөлүк транспорт каражаттарынын кыймылын чектөөнү жана аларды карап текшерүүнү;";

2) VI глава төмөнкүдөй мазмундагы 35-1-берене менен толукталсын:

"35-1-статья. Өзгөчө абал режими адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишин токтотпойт.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230033461/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230033461/st-3)
