# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-октябры № 226 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Согуштук абал жөнүндө", "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" конституциялык Мыйзамына

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-октябры № 226 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Согуштук абал жөнүндө", "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" конституциялык Мыйзамына
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 226
- Кабыл алынган күнү: 22.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033461>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5660/edition/39553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033461.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-октябры № 226 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Согуштук абал жөнүндө", "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" конституциялык Мыйзамына (22.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033461

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 22-октябры № 226

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Согуштук абал жөнүндө", "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230033461/st-1)

"Согуштук абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

## 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-берене менен толукталсын:

"15-1-берене. Согуштук абалдын шарттарында адам укуктарынын сакталышын парламенттик контролдоо Кыргыз Республикасынын аймагында согуштук абалдын мезгилинде адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын парламенттик контролдоо чектелүүгө тийиш эмес.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230033461/st-2)

"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 81-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 22-статьянын 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"16) дипломатиялык кызматтардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет өлкөлүк транспорт каражаттарынын кыймылын чектөөнү жана аларды карап текшерүүнү;";

2) VI глава төмөнкүдөй мазмундагы 35-1-берене менен толукталсын:

"35-1-статья. Өзгөчө абал режими адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишин токтотпойт.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230033461/st-3)

Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2025-жылдын 25-сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
