Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Согуштук абал жөнүндө“, „Өзгөчө абал жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» конституциялык Мыйзамына
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 22-октябры № 226
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Согуштук абал жөнүндө", "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. "Согуштук абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-берене менен толукталсын:
"15-1-берене. Согуштук абалдын шарттарында адам укуктарынын сакталышын парламенттик контролдоо Кыргыз Республикасынын аймагында согуштук абалдын мезгилинде адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын парламенттик контролдоо чектелүүгө тийиш эмес.".
2-берене. "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 81-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 22-статьянын 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16) дипломатиялык кызматтардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет өлкөлүк транспорт каражаттарынын кыймылын чектөөнү жана аларды карап текшерүүнү;";
2) VI глава төмөнкүдөй мазмундагы 35-1-берене менен толукталсын:
"35-1-статья. Өзгөчө абал режими адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишин токтотпойт.".
3-берене. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2025-жылдын 25-сентябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР 1998-жылдын 24-октябрындагы № 135 "Өзгөчө абал жөнүндө" Конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 24.10.1998 · № 135
- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 149 "Аскердик абал жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 30.04.2009 · № 149
Шилтеме берет (2)
- КР 1998-жылдын 24-октябрындагы № 135 "Өзгөчө абал жөнүндө" Конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 24.10.1998 · № 135
- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 149 "Аскердик абал жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 30.04.2009 · № 149