# Нарын шаардык кеңешинин 2025-жылдын 30-октябрындагы № 1 "Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин карамагына мөөнөтсүз берилген 223,78 га жер аянтын Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Нарын шаардык кеңешинин 2025-жылдын 30-октябрындагы № 1 "Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин карамагына мөөнөтсүз берилген 223,78 га жер аянтын Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 30.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033412>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45770/edition/39501/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарын шаардык кеңешинин 2025-жылдын 30-октябрындагы № 1 "Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин карамагына мөөнөтсүз берилген 223,78 га жер аянтын Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" Токтому (30.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033412

---

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

VI чакырылыштагы кезексиз XVII сессиясы

2025-жылдын 30-октябры № 1

Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин карамагына мөөнөтсүз берилген 223,78 га жер аянтын Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” , Кыргыз Республикасынын ”Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, архитектура, курулуш, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясы карап, талкуулап, отурумдун протоколунун чечиминин негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Нарын шаарынын аймактык түзүлүшүн кеңейтүү, социалдык-экономикалык маселелерин чечүү, шаар калкын турак-жай менен камсыз кылуу жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, заманбап имараттарды куруу үчүн Нарын шаарынын күн батыш тарабындагы Борборук Азия Университетинин карамагына мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөгөн) пайдаланууга берилген 263,78га жер аянтынын ичинен 223,78 га жерин Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Ал эми, 263,78га жер аянтынын ичинен калган 40га жери Борбордук Азия Университетинин пайдалануусуна калтырылсын.

3. Жер тилкесин кабыл алуудагы иш кагаздарынын мыйзамдуу бүткөрүү, белгиленген тартипте кайра каттоону жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүү жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

Төрага

Ж. Эсеналиев
