# Кайыңды шаардык кеңешинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 27/IX-1 "Кайыңды шаары, 60 лет Октября № 5 дарегинде жайгашкан “Дан кабыл алуу пункту” муниципалдык менчик объектисин түз сүйлөшүүлөр аркылуу ижарага берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кайыңды шаардык кеңешинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 27/IX-1 "Кайыңды шаары, 60 лет Октября № 5 дарегинде жайгашкан “Дан кабыл алуу пункту” муниципалдык менчик объектисин түз сүйлөшүүлөр аркылуу ижарага берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 27/IX-1
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033399>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45761/edition/39485/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033399.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кайыңды шаардык кеңешинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 27/IX-1 "Кайыңды шаары, 60 лет Октября № 5 дарегинде жайгашкан “Дан кабыл алуу пункту” муниципалдык менчик объектисин түз сүйлөшүүлөр аркылуу ижарага берүү жөнүндө" токтому (13.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033399

---

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 13-июнундагы 27/IX-1

Кайыңды шаары, 60 лет Октября № 5 дарегинде жайгашкан “Дан кабыл алуу пункту” муниципалдык менчик объектисин түз сүйлөшүүлөр аркылуу ижарага берүү жөнүндө

Кайыңды шаарынын 60 лет Октября № 5 дарегинде жайгашкан, 34123,8 кв.м. болгон (пайдалуу аянты 112962 кв.м. болгон имараттар менен) “«Дан кабыл алуу пункту» муниципалдык менчик объектисин А.М. Бадаловго ижарага түз сүйлөшүүлөр аркылуу берүү жөнүндө” катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик укугун же ижара акысын берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» Типтүү Жобонун 11-беренесинин «е» пунктуна ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин 2025-жылдын 06 - мартындагы №15/V-3 токтому менен кабыл алынган «Шаардын мүлкүн муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө» Типтүү Жобонун 8-беренесинин негизинде, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34-беренелеринин, «Муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин, «Муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34 – беренелеринин негизинде, Кайынды шаардык кеңешинин сессиясы, токтом кылат:

1. Кайыңды шаары, 60 лет Октября № 5 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 3,4 га болгон, “Дан кабыл алуу пункту” муниципалдык менчик объектиси түз сүйлөшүү жолу менен А.М. Бадаловго ижарага берилсин.

2. Жер салыгын жана социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү эсепке албаганда, орточо жылдык ижара акысы 1200,0 (бир миллион эки жүз миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.

3. Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмү тарабынан Кайыңды шаары, 60 лет Октября № 5 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 34123,8 чарчы метр болгон «Дан кабыл алуу пункту» муниципалдык менчик объектисин 3 жылдык (мөөнөттүү) мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө келишим түзүлсүн.

4. Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин агрардык, жер жана турак-жай меселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

У.Б. Абдрасулов
