Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Конституциялык Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 16-октябры № 220
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 971-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 41-беренеде:
а) 12-бөлүктүн биринчи сүйлөмү мамлекеттик тилде төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Банк же башка мекемелер талапкердин, саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын келип түшүүлөрү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматты жума сайын, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын талабы боюнча 24 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына берип турууга милдеттүү.";
б) мамлекеттик тилдеги 14-бөлүктүн экинчи абзацында "күнүнө чейин" деген сөздөр "күнүнөн кийин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
- өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул конституциялык Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2025-жылдын 25-сентябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.