Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-июнундагы №359 токтомуна ылайык чек ара аймактарында жайгашкан өзгөчө статус берилген айылдарга салыктарынан женилдетүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2022-жылдын 26-январы № 24
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-июнундагы №359 токтомуна ылайык чек ара аймактарында жайгашкан өзгөчө статус берилген айылдарга салыктарынан женилдетүү жөнүндө Күн тартибиндеги ар түрдүү маселеде,Бирлик айыл аймагынын чек арада жайгашкан өзгөчө статуска ээ Чечме,Сырт, Ынтымак айылдарынын жеке турак жайга берилген жерлердин жер салыгы, айыл чарба багытындагы эмес жерлердин жер салыгы, 2-группадагы мүлк салыктардан жеңилдиктерин карап чыгып, Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл аймагындагы чек арада жайгашкан өзгөчө статусу бар Чечме,Сырт,Ынтымак айылдарынын жеке турак жайга берилген жерлердин жер салыгы, айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы, жерлердин, 2-группадагы мүлк салыктардан жеңилдиги 50% болуп аныкталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы:
С.Каламов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.