# Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы №49/VIII-29 "Мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы №49/VIII-29 "Мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 49/VIII-29
- Кабыл алынган күнү: 05.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033345>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45734/edition/39431/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033345.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы №49/VIII-29 "Мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (05.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033345

---

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 5-сентябрындагы №49/VIII-29

Мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 29-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы №435 «Кыргыз Республикасынын жарандардын жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо жана каттоо эсебинен чыгаруу эрежелери жөнүндө» токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2025-жылдын 21-февралындагы №01-12/494 тапшырмасын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы

токтом кылат:

1.Нурманбет айыл аймагында жарандар үчүн ынгайлуу шарттарды түзүү максатында, ошондой эле жарандыгы боюнча паспортту берүү үчүн арыздар жана документтерди кабыл алуу, жарандык абал актыларын каттоо жана башка тиешелүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктар берилсин.

2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.

- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;

-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.

3. Ушул Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүүɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Төрага

Н.С.Бекбоева
