# Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы №47/VIII-29 "Красная Речка айылында жана «Кант-Красная Речка» жүргүнчү ташуучуларынын тарифин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы №47/VIII-29 "Красная Речка айылында жана «Кант-Красная Речка» жүргүнчү ташуучуларынын тарифин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 47/VIII-29
- Кабыл алынган күнү: 05.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033342>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45732/edition/39427/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033342.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы №47/VIII-29 "Красная Речка айылында жана «Кант-Красная Речка» жүргүнчү ташуучуларынын тарифин бекитүү жөнүндө" токтому (05.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033342

---

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2025-жылдын 5-сентябрындагы №47/VIII-29

Красная Речка айылында жана «Кант-Красная Речка» жүргүнчү ташуучуларынын тарифин бекитүү жөнүндө

ААК «Каниет» ишканасынын кайрылуусун жана №308 «Кант – Красная Речка» маршруту боюнча жүргүнчү ташуунун өздүк наркынын эсептерин карап чыгып, жүргүнчү ташуулардагы тарифтерди тартипке келтирүү максатында, күйүүчү майдын баасынын жана техникалык тейлөөнүн чыгымдарынын өсүшүн эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын «Автомобиль транспорту жөнүндө» Мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы

токтом кылат:

1. 2025-жылдын 1-октябрынан тартып «Кант-Красная Речка» багыты боюнча кичи автобуста бир жүргүнчүнүн жол кире акысы 30 (отуз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. 2025-жылдын 22-сентябрынан тартып Красная Речка айылында кичи автобуста бир жүргүнчүнүн жол кире акысы 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.

- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;

-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.

4. Ушул Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүүɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин укук тартибин камсыз кылуунун социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы жүктөлсүн.

Төрага

Н.С. Бекбоева
