Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Нурманбет айылдык кеңешинин «Красная Речка айылында жана «Кант-Красная Речка» жүргүнчү ташуучуларынын тарифин бекитүү жөнүндө» токтому
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 5-сентябрындагы №47/VIII-29
Красная Речка айылында жана «Кант-Красная Речка» жүргүнчү ташуучуларынын тарифин бекитүү жөнүндө
ААК «Каниет» ишканасынын кайрылуусун жана №308 «Кант – Красная Речка» маршруту боюнча жүргүнчү ташуунун өздүк наркынын эсептерин карап чыгып, жүргүнчү ташуулардагы тарифтерди тартипке келтирүү максатында, күйүүчү майдын баасынын жана техникалык тейлөөнүн чыгымдарынын өсүшүн эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын «Автомобиль транспорту жөнүндө» Мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. 2025-жылдын 1-октябрынан тартып «Кант-Красная Речка» багыты боюнча кичи автобуста бир жүргүнчүнүн жол кире акысы 30 (отуз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2025-жылдын 22-сентябрынан тартып Красная Речка айылында кичи автобуста бир жүргүнчүнүн жол кире акысы 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Туленова Н.М.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
4. Ушул Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүүɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нурманбет айылдык кеңешинин укук тартибин камсыз кылуунун социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы жүктөлсүн.
Төрага
Н.С. Бекбоева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Автомобиль транспорту жөнүндөЗакон · 19.07.2013 · № 154