# Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 289 "Эмгек өргүү жөнүндө каттын болжолдуу түрүн бекитүү тууралуу" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 289 "Эмгек өргүү жөнүндө каттын болжолдуу түрүн бекитүү тууралуу" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 289
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033331>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-1799/edition/39417/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033331.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 289 "Эмгек өргүү жөнүндө каттын болжолдуу түрүн бекитүү тууралуу" буйругу (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033331

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2025-жылдын 21-октябры № 289 Эмгек өргүү жөнүндө каттын болжолдуу түрүн бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3 -мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын Тизмесинин 8-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө” токтому менен бекитилген жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:

1. Эмгек өргүү жөнүндө каттын болжолдуу түрү ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.

3. Эмгек чөйрөсүндө чечимдерди даярдоо башкармалыгы:

- ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрүндө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрүндө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.

4. Чечимдерди көзөмөлдөө жана административдик камсыздоо башкармалыгы бул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.

5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин биринчи орун басары А.К. Солтонбековага жүктөлсүн.

Министр

К.Л. Сагынбаев

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция минстрлигинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 289 буйругуна тиркеме

Эмгек өргүү жөнүндө каттын болжолдуу түрү

“\_\_\_” \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_\_\_ жыл № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Ишкананын аталышы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Кызматкерге\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (фамилиясы, аты, атасынын аты, кызмат орду, кесиби) Эмгек шарттары \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (нормалдуу, оор, зыяндуу, өзгөчө оор ж.б.)

Эмгек өргүүсү берилсин иштеген жылы үчүн “\_\_\_”\_\_\_\_\_\_\_\_\_20\_\_\_\_жылдын “\_\_\_\_”\_\_\_\_\_\_\_\_20\_\_\_\_жылга чейинки мезгилге \_\_\_\_\_\_\_\_\_ жумушчу (керексизин сызуу керек) күнгө негизги өргүү берилет.\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ иш, календардык күнгө (кереги жок нерсени сызыңыз) негизги өргүү. Негиз: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (өргүү үчүн негиз)

Кошумча өргүү \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ иш, календардык күнгө (кереги жок нерсени сызыңыз).

Негиз: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (кошумча өргүү үчүн негиз) Жалпысы \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ иш, календардык күнгө (кереги жок нерсени сызыңыз) “\_\_\_” \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_\_ жылдан “\_\_\_” \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_\_ жылды кошо алганда.

Иш берүүчү (ыйгарым укуктуу кызмат адамы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (колу)

Өргүү тууралуу маалымкат менен тааныштым \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (кызматкердин колу)
