Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2025-жылдын 19-октябры № 109 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2025-жылдын 15-октябрындагы № 13-025/20810 сунушун, № 24 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 16-октябрындагы № 1 чечимин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 48 токтому менен бекитилген Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобонун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2 жана 13-1-беренелерин, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнү уюштуруу үчүн № 24 округдук шайлоо комиссиясынын чечимине ылайык түзүлгөн 71 шайлоо участкасы бекитилсин (тиркелет).
2. № 24 округдук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын бекитсин.
3. № 24 округдук шайлоо комиссиясына участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын бекитүүдө мурдагы шайлоолордо жана референдумдарда Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын эске алуу сунушталсын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана № 24 округдук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-октябрындагы № 81 (3737) саны менен жарыяланды
Төрага
Т. Шайназаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 48 "Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу…Постановление · 01.08.2025 · № 48
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябры ПЖ № 272 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 30.09.2025 · № 272