# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-октябрындагы № 703 "Товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-октябрындагы № 703 "Товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 703
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033322>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45722/edition/39406/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033322.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-октябрындагы № 703 "Товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө" токтому (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033322

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 28-октябры № 703 Товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө

1900 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 556-т тескемеси менен жактырылган жана 2025-жылдын 25-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, “Sonningdale Limited” компаниясынын жана “РЭЦА” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууну ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасына ташып келинген товарлар товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотулат деп белгиленсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 31-октябрындагы № 83 (3739) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
