# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябры № 690 "Балдарга кошумча билим берүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябры № 690 "Балдарга кошумча билим берүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 690
- Кабыл алынган күнү: 22.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033267>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45692/edition/39313/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033267.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябры № 690 "Балдарга кошумча билим берүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтому (17.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033267

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 22-октябры № 690

Балдарга кошумча билим берүүнүн айрым маселелери жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасында балдарга кошумча билим берүү уюмдарынын билим берүү ишин тартипке келтирүү, балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүүгө багытталган кадр саясатын камсыз кылуу максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18, 22, 35-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун типтүү уставы 2-тиркемеге ылайык;

3) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) балдарга кошумча билим берүүнүн бир же бир нече мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери, ошондой эле жетекчинин милдеттерин аткарган адамдар, эгерде аталган кызмат орундарында иштөөнүн жыйынды узактыгы ушул токтом күчүнө кирген датага карата беш жылды түзсө, анда алар ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып ээлеген кызмат ордунан бошотулууга тийиш;

2) балдарга кошумча билим берүүнүн бир же бир нече мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин, ошондой эле жетекчинин милдеттерин аткарган адамдарды бошотуу түзүлгөн эмгек келишимдеринин шарттарын, анын ичинде аларды бузуунун жана тиешелүү компенсацияларды төлөөнүн тартибин сактоо, ошондой эле «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 8-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат;

3) бошотулган жетекчилер иш берүүчүнүн чечими боюнча жаңы жетекчи дайындалганга чейин өз ыйгарым укуктарын убактылуу аткара алат жана эгерде алар квалификациялык талаптарга ылайык келсе, башка талапкерлер менен бирге жалпы негиздерде жетекчинин кызмат ордун ээлөөгө конкурстан өтүүгө укуктуу;

4) конкурстук тандоо балдарга кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына өткөрүлөт;

5) бул токтом балдарга кошумча билим берүү уюмдары карамагында турган тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча бардык балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына карата колдонулат;

6) балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоону өткөрүү менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2025-жылга жана кийинки жылдарга каралган борбордоштурулган иш-чараларынын каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А.Касымалиев
